Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарындагы Фахд падышасынын маданий борборунда Кыргыз Республикасынын "Kyrgyzstan So much to discover" брендиндеги көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Бул көргөзмө туризм тармагындагы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", - дейт Туризм департаментинин башкы адиси Индира Шадыканова.
Көргөзмөгө орус, англис, араб тилдериндеги маалымат китепчелери, кийиз буюмдары, Кыргыз өлкөсүнүн кооз жерлери тууралуу видеолор жана азыктар коюлган.
Жарманке 22-27-ноябрь күндөрү өтүүчү Сауд Арабиясындагы Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында болуп жатат.