Түркиянын Адана шаарында жардыруу болуп, 3 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда түркиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, жардыруу жергиликтүү прокуратуранын имаратынын жанында болгон. Анын кесепетинен 21 адам жабыркап, 3 адам каза тапкан. Ооруканада оор абалда жеткирилген жарандар да бар.
Алдын ала маалымат боюнча, жардыруу Күрд жумушчулар партиясы тарабынан уюштурулган. Учурда окуя болгон жерде полиция иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.