"Медиа-портал" бөлүмүндөгү ырчы Тола Турсуналиевдин "Сүйүү шамы" ырынын клиби Кыргыз өлкөсүнүн кооз жаратылышы тартылган кыска метраждуу тасманы эске салат. Ырчы "Сүйүү шамы" ырына жаңы дем берип, көрүүчүгө тажатма эмес, сапаттуу чыгарма тартуулоого аракет кылдык" дейт. Анда сүйүүсүн издеп кыйынчылыктарга кабылган адам чагылдырылат.
"Клип кыска эмес убакытта, тагыраагы, 3 айда тартылды. Өлкөбүздүн Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында тартылды. Сууга түшкөн кадр бар эмеспи, ал учурда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине барган элек. Клип тартуу учурунда тоодо күн суук, суу муздак болчу. Суунун муздактыгына карабай 2 жолу сууга түшүүгө туура келди. Тиешелүү кадр алынган соң суу болгон кийимдерди алмаштырып, унаага барып уктадым. Аябай үшүп калгандыктан, ооруп калайын дегем.
Ал эми токойдо чуркап бараткан учурду алуу үчүн бир нече жолу жыгылып, бутумду көгөрттүм окшойт. Көбү жасалма ойногонсуң деп айтышты. Кадимкидей болуп кулап түшкөндө экранда жакшы көрүнбөй калат экен. Андыктан режиссёр кандай ойно десе, ошондой ойноп жаттым", - деп билдирди Т.Турсуналиев.
Белгилей кетсек, Тола Турсуналиев төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин небереси. "МКД" тобунда ырдап, "Сауле", "Мой сон", "Апакем" сыяктуу ырларды аткарган.
Тола Турсуналиевдин "Сүйүү шамы" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.