Чаткалдагы шахталардын биринде сурьма казып жаткан 17 жаштагы баланы жер кыртышы басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 24-ноябрга караган түнү Терек-Сай айыл аймагындагы шахтада болгон. Анда 250 метр тереңдикте жер кыртышы 1999-жылы туулган Нурсеит Мухаммед уулун басып калган.
"Кырсык болгон учурда Нурсеит Мухаммед уулунун жанында андан сырткары 5 адам болгон. Бактыга жараша, алар жаракат алышкан эмес. Алар шахтада мыйзамсыз сурьма казып жатышкан. Учурда маркумдун жансыз денеси туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти ӨКМдан.