Түркиянын Адана шаарындагы жардыруудан жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок

Бүгүн, 24-ноябрда КРнын Тышкы иштер министрлиги Анкарадагы элчиликтин маалыматына таянып, Адана шаарындагы жардыруудан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экенин билдирди.

Айта кетсек, бүгүн Түркиянын Адана шаарында жардыруу болуп, 3 адам каза тапкан. Ошондой эле 21 адам ар кандай жаракаттарды алган. Маалыматтарга караганда, жардыруу жергиликтүү прокуратуранын имаратынын жанында болгон. Азырынча жардырууну экстремисттик уюмдардын эч бири өз жоопкерчилигине алыша элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан