Бүгүн, 24-ноябрда борбор калаадагы ресторандардын биринде актёр Азиз Мурадиллаев операция жасалгандан бери сахнада алгачкы жолу роль жаратат. Ал "Акыркы чакырык" спектаклинин бет ачарында ойнойт. Бул тууралуу актёр SUPER.KG`ге кабарлады.
"Даярдыктар жакшы. Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы болуп калды. Спектаклде белгилүү Сүймөнкул Чокморовдун досунун образын жаратам", - дейт А.Мурадиллаев.
Белгилей кетсек, дарыгерлер ага 4-даражадагы боордун циррозу жана жугуштуу С гепатити деген диагноз коюшкан. Ал эми 18-октябрда Москвадагы клиникалардын биринде актёрго алгачкы операция жасалган.