Атактуу футболчу Стивен Жеррард карьерасын жыйынтыктады

Атактуу англиялык футболчу Стивен Жеррард профессионалдык карьерасын жыйыштырды. Бул тууралуу футболчу расмий билдирүү таратты.

36 жаштагы футболчу акыркы сезонду "Лос-Анжелес Гэлакси" командасында өткөргөн. Анын келишими 31-декабрда аяктамак. Бирок футболчу келишимди узартуудан баш тартып, карьерасын жыйыштырды. Бул клуб үчүн ал 35 беттеш өткөрүп, 5 гол киргизген.

АКШга көчүп кеткенге чейин ал англиялык "Ливерпуль" клубунда ойногон. Аталган клубдун курамында ал Чемпиондор Лигасын, УЕФА Кубогун, 2 ирет Европанын Суперкубогун уткан. Бирок бир да жолу Англия Премьер-лигасында алтын медаль тагына алган эмес.

"Ливерпулдун" курамында 695 оюн өткөрүп, 180 гол жараткан. Англиянын курамында болсо 114 беттешке чыгып, 21 гол киргизүүгө жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aitbek.06
2016-11-24 19:04:00
Даа! Жакшы оюнчу эле да!
+2
star....
2016-11-24 19:04:17
Dagy 3, 4 jylga uzartsa jakwy bolmok
0
MAN-CITY
2016-11-24 20:13:51
Лига чемпиондун финалында Миланды катуу капа кылганы дагы еле эстен кетпейт.
+2
Xanif.Kg
2016-11-25 01:25:04
MAN-CITY, Милан-Ливерпул 3:0 болуп жаткан жеринен, Ливерлер 3:3 кылышкан беле???...
+1
MAN-CITY
2016-11-25 05:45:39
Xanif.Kg,биринчи таймда 3:0 болгон, экинчи таймда 3:3.
+1
elmurat.kg
2016-11-24 22:00:42
мен бмринчи тааныган футболчуда бул .алыстан киргизген голдору коп ударыда сильный
+2
Xanif.Kg
2016-11-25 01:25:37
АПЛ дын алтын медалын тагынбай кеткени жакшы болбоптурда))...
+1
Nur1k
2016-11-25 15:08:55
Джеррард легенда да!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан