Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде улуттук курам 99-орундан 124-орунга жылды. Рейтинг кечээ, 24-ноябрда жарыяланды.
20-октябрда жарыяланган рейтингде улуттук курам 99-орунду ээлеген эле.
Бул айда эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон курам Армения болду (38 орун алдыга жылып, 87-орунду ээледи. Мурун команда 124-орунда болчу). Алдынкы ондукта Аргентина, Бразилия, Германия, Чили, Бельгия, Колумбия, Франция, Португалия, Уругвай жана Испания курамалары бар.