ЖЫЛНААМА, 25-НОЯБРЬ: 91 жыл мурун СССРдин Эл артисти, легендарлуу орус актрисасы Нонна Мордюкова төрөлгөн

91 жыл мурун СССРдин Эл артисти, легендарлуу орус актрисасы Нонна Мордюкова төрөлгөн. Ал “Бриллиант кол”, "Жаш гвардия", "Ванька" жана башка белгилүү тасмалар аркылуу элге таанылган. Кинодогу алгачкы ролун студент кезинде, 1948-жылы "Жаш гвардия" тасмасында жаратып, ал үчүн Сталиндик сыйлыкка татыктуу болгон.

Жалпысынан актриса 62 тасмага тартылган. Алардын эң белгилүүлөрү болуп "Бриллиант кол", "Турна", "Жан, жылдызым", "Экөө үчүн вокзал", "Алар мекен үчүн согушкан" аттуу фильмдер эсептелет.
Ата мекендик кинематографияга зор салым кошкондугу үчүн ал "Мекен алдындагы кызматы үчүн", "Элдердин достугу" ордендерин жана "Ника", "Кинотавр", "Алтын кой" сыйлыктарын алган.

Н.Мордюкова 1999-жылы тартылган "Апа" фильминде акыркы ролун жараткан. Актриса 2008-жылы 6-июлда Москвада каза болгон. Британиялык энциклопедия актрисаны 20-кылымдын эң мыкты 10 актрисасынын катарына киргизген.

25-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан