"Реал" футболдук клубунун лидерлеринин бири Гарет Бэйл жаракатынан улам 2 ай майданга чыкпайт. Футболчуга 29-ноябрда Лондондо операция жасалат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Бэйл "Спортинг" менен болгон оюнда жаракат алган.
Кошумчалай кетсек, учурда Испания чемпиондугунда "Реал" 30 упай менен 1-орунду ээлеп келүүдө. 2-орундагы "Барселонада" 26 упай бар. Командалар өз ара 3-декабрда Испания чемпиондугунун 14-турунда жолугушат.