Биз социалдык тармакта

Бишкекте шаар тургунун коркутуп, акчасын жана уюлдук телефонун алып койгон эки жаран кармалды

Бишкекте шаар тургунун коркутуп, акчасын жана уюлдук телефонун алып койгон эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 24-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине Б.Б. аттуу шаар тургуну кайрылып, 23-ноябрь түнү белгисиз эки адам коркутуп, 1000 сомун жана кымбат баалуу уюлдук телефонун тартып алышканын айткан.

"Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1995-жылы туулган Э.М. жана 1993-жылы туулган О.А. кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан