9-декабрда өтүүчү SUPER.KG порталынын 10 жылдык концертине билеттер сатылып, түрдүү сынактар жүрүп жатат

9-декабрда Бишкектеги Спорт Ордосунда өтүүчү "Супер концертке" билеттер сатылууда. Билеттерди Спорт Ордосунун кассасынан, "Супер-Инфо" гезитинин кеңсесинен (Фрунзе көчөсү, 402), SUPER.KG порталынын кеңсесинен (Күрөңкеев көчөсү, 180), "Ош базарынын" радио түйүндөрүнөн жана
(0704) 44-11-20 телефону аркылуу сатып алсаңыз болот.

Мындан сырткары бардык социалдык тармактардагы порталдын расмий баракчаларында, SUPER.KG порталынын "Суперстан" форумунда сынактар уюштурулуп, билеттер ойнотулуп жатканын маалымдайбыз. Учурда Фейсбук, Одноклассники, Инстаграм социалдык тармактарындагы расмий баракчаларыбызда оюндар кызуу жүрүп жатат. Алгачкы жеңүүчүлөр билеттерин алып кетишти. Кийинкиси сиз болуңуз! Расмий баракчаларыбызга жазылып, оюндардын баарына активдүү катышып, бекер билеттерге ээ болуу мүмкүнчүлүгүн коё бербеңиз.

Белгилей кетсек, аталган концертте эки муундун ырчылары бир сахнага биригип, көрүүчүлөргө болуп көрбөгөндөй шоу тартууланат. Ошондой эле "Супер сулуу-2016" сынагынын 16 финалчысы сизди зериктирбейт. Жеңүүчү аталган кыз кыштын ызгаарында экзотикалык Бали аралына жолдомо алмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Munar8625
2016-11-25 15:09:43
билер баасы канча екен админ..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан