Бишкектеги жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Бишкек шаарынын 10-кичи районунда болгон. Анда жеңил унаа менен кичи автобус сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден каза тапкан. Ошондой эле 3 адам жабыркаган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.