"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" кинофестивалынын катышуучулары аныкталды

Улуттук "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" аттуу VI - КМШ, Балтика өлкөлөрүнүн жана Грузиянын эл аралык кинофестивалынын катышуучуларынын тизмеси аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда "Айтыш фильм" киностудиясынан билдиришти.

"Бул жылы сынакка катышууга 80 кайрылуу түшсө, 12 тасма кабыл алынды. Сынакка автоматтык түрдө "Карек" кинофестивалынын башкы байгелерин жеңген "Инсомния", "Битик", "Коңшулар" ("Соседи") үч тасмасы кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Сынакка катыша турган тасмалардын тизмеси:

  1. "Битик", 2016-жылы Алтынай Таалайбек кызы тарабынан тартылган, узактыгы 10 мүнөт;
  2. "Инсомния" 2016-жылы тартылган. Режиссёру Тимур Исаков, узактыгы 4 мүнөт;
  3. "Кызыл короз" ("Красный петух") 2015-жылы тартылган, 29 мүнөттүк. Флора Газиева тарткан;
  4. "Лунатик", 2016-жылы Зирегүл Кубандык кызы тарткан, 9 мүнөттүк;
  5. "Тегирмен" ("Мельница"), 2015-жылы Кенжебек Шайлообаев тарткан, 15 мүнөттүк тасма;
  6. "Олжо", Болсунбек Таалайбек уулу 2016-жылы тарткан;
  7. "Байлык азгырыгы" ("Соблазн богатства"), 8 мүнөттүк, Сырга Кубандык кызы тарткан;
  8. "Коңшулар" ("Соседи") Батыркан Ильясов тарткан, 3 мүнөттүк тасма;
  9. "Үч күн" ("Три дня"), Нурила Умарова тарткан, 13 мүнөттүк тасма;
  10. "Бир катанын баасы" ("Цена одной ошибки"), 2016-жылы Токтомуш Жекшенбай уулу тарткан, 10 мүнөттүк тасма;
  11. "Шляпа", 2016-жылы Дастан Мадалбеков тарабынан тартылган 9 мүнөт 53 секундалык тасма;
  12. "Бул жашоо" ("Это жизнь") 9 мүнөттүк тасмасын Женк Демиркыран тарткан.

Кинофестивалдын салтанаттуу ачылышы 12-декабрда "Манас" кинотеатрында өтөрү маалым болду. Күн сайын кинотеатрдын залдарында катышуучу тасмалар көрсөтүлүп турат. 15-декабрда кинофестивалдын "Мыкты тасма", "Мыкты режиссура", "Калыстардын атайын байгеси", "Көрүүчүлөр сүймөнчүгү" деген 4 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан