МЕДИА-ПОРТАЛ: "Эркелейм" клибине сулуу кыз-жигиттин тартылышын каалагам" дейт Гүлзинат Суранчиева

"Медиа-портал" бөлүмүндө сүйүшкөн түгөйлөрдүн сүйүү баянын чагылдырган клиптердин бири ырчы Гүлзинат Суранчиеванын "Эркелейм" ырынын клиби. Ырчы ырдын сөзүнө ылайык, назик, кооз сүйүү чагылдырылган клип тартылышы үчүн болгон аракетин жумшаганын айтат.

"Ырда кыздын аруу сезимдери сүйүктүү жигитине арналат эмеспи. Жөн эле ырдабастан эркелейт. Алгач кандай сюжет тарталы деп ойлондук. Чыгарма сүйүү тууралуу болгондуктан, эки жаштын сүйүү окуясын тартууну чечкенбиз.

Клипке сулуу кыз, келбеттүү жигитти тарткым келген. Андыктан башкы каармандын ролуна сулуулук сынагында алдынкы үчтүккө кирген Ильяз аттуу модель жигитти чакыргам. Ал эми кызды кастинг аркылуу тандап алганбыз. Экөө бири-бирине төп келишкен сулуу түгөйлөр болушкан. Клипте алардын чогуу убакыт өткөргөнү, бири-бирине эркелеп жүргөнү, кыскасы, алардын таза, назик, керемет сүйүү тарыхы баяндалат", - деп билдирди Г.Суранчиева.

Клипти Канат Култаев тартканын ырчы кошумчалай кетти.

Гүлзинат Суранчиеванын "Эркелейм" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sher.ella
2016-11-25 16:36:07
Сулуу эле кыздар тартыла береби башкаларчы
0
NarutoUzum
2016-11-25 17:05:52
Эх Айпери менин кыялымдагы кыз
-3
Santanna
2016-11-25 18:44:09
Бул клипда ырда жакпады...такыр голос жок
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан