Белгилүү ырчы Нурлан Насип сөзү, обону Бактияр Токторовго таандык, бир кезде хит болгон "Ак көйнөк кийген бийкеч" деген ретро ырды жаңылап ырдап чыкты. Ырчы кыш мезгилине карата бул романтикалуу чыгарманы күйөрмандарына тартуулаганын SUPER.KG`ге билдирди.
"Мен Бактияр Токторовдун чыгармачылыгына кичинекей кезимден бери кызыгып, сыйлап келем. Ал киши да жолуккан жерде "менин ырларымды да аткарып көрбөйсүңбү" деп калчу. Андыктан репертуарыма ретро ыр катары киргизүү үчүн бул чыгарманы тандап алдым. Ыр суук аба ырайында күйөрмандарыма романтикалуу белек болсун дедим. Ырды жаңылап жаздырдык, андыктан түрдүү сын-пикирлер айтылып жатат", - деди Нурлан Насип.