Чүй облусунун Жайыл районунда май ташыган унаанын арабасы ажырап кетип, 7-8 тонна керосин жолго жана Абла суусуна төгүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 25-ноябрда саат 18:03тө болгон. Май ташыган унаа ДАФ унаасы (мамлекеттик номуру №32-57SC) Бишкектен чыгып, Ошту көздөй бет алган. Анда жалпысынан 38 тонна керосин болгон.
Жабыркагандар жок. ӨКМнын Жайыл районундагы бөлүмү жолду тазалап, тиешелүү иштерди аткарды.