ЖЫЛНААМА, 27-НОЯБРЬ: Орусиянын тарыхындагы мыкты бомбардир Александр Кержаков 34 жашка толду

Орусиялык футболчу Александр Кержаков 34 жашка толду. Ал 1982-жылы Орусиянын Кингисепп шаарында туулган.
Кержаков профессионалдык карьерасын 1999-жылы "Светогорец" (Орусия) клубунун курамында баштаган. Кийин "Зенит" (Орусия) футболдук клубунун курамына кошулган. 2007-жылы испаниялык "Севилья" клубу менен келишим түзүп, бир жылдан кийин кайрадан Орусияга кайтып келген. 1 жыл "Динамонун" курамында ойногон соң кайрадан "Зениттин" оюнчусуна айланган. 2016-жылы ал швейцариялык "Цюрих" менен келишим түзгөн. Ал эми Орусиянын улуттук курамасына 2002-жылы чакырылып, 2016-жылга чейин ойноп келген.
Кержаков Орусиянын лигаларында эң көп гол киргизген футболчу (231 гол), "Зениттин" тарыхындагы мыкты бомбардир (161 гол) жана Орусия курамасынын тарыхындагы мыкты бомбардир (30 гол).
27-ноябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muzibrat93
2016-11-27 11:22:33
Кержаков ойногону жакшы эле бирок ( Баланс тело, и скорость)корбойм ушу ойунчудан Техникасы ойногону жакшы Орус лигасында же болбосо В категориядагы Клубдарга жакшы эле ойунчу деп ойлойм... Омурун узун болсун Кержаков.А.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан