Кечээ, 26-ноябрда Бишкекте КРнын Футбол федерациясы жыл ичинде футбол жаатында ийгилик жараткандардын ичинен мыктыларды аныктап, сыйлык тапшырды. Анда 10 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
"Ардагерлер лигасынын мыкты оюнчусу" наамына Игорь Гавшин, Александр Полев жана Рафик Амировдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Жеңүүчү канттык "Абдыш-Атанын" оюнчусу Игорь Гавшин болду. Ал канттык команданын чемпиондугуна зор салым кошуу менен сезондо 46 гол жараткан. Гавшин мелдешке быйыл гана катышып баштаганын, лиганын ардагерлер арасында орду чоң экенин белгиледи.
Кыз-келиндер футболу акырындык менен боор көтөрүп келе жатканы сыр эмес. Эл футболчу кыздарды өңүнөн таанып, оюндарына каттап баштады. "Кыз-келиндер арасындагы мыкты футболчу" наамы Адинай Кылычбек кызына тапшырылды. Сыйлыкты Кыз-келиндер Лигасынын президенти Бермет Тологонова тапшырды.
"Алай" футболдук клубунун чабуулчусу, футзал боюнча улуттук кураманын мүчөсү Максадбек Алимов быйыл ТОП-Лигада бомбардирлер тизмесинде 2-орунду ээледи. Анын наамында 15 гол бар болчу. Футболчу 2 сыйлыкка көрсөтүлүп, бирок футзалга тиешелүү сыйлык алды. Федерация аны "Футзал боюнча мыкты футболчу" деп тапты. Ал Азия чемпиондугунда 9 гол жаратуу менен бомбардирлердин тизмесинде 4-орунду камсыздаган.
"Мыкты калыс" наамы Дмитрий Машенцевге ыйгарылды.
Жыл ичинде өзүн көрсөткөн жаш футболчулар арасында "Мыкты жаш оюнчу" наамы талашка түштү. Сыйлыкка Виктор Кельм, Аманбек Маныбеков, Данил Сокирченко жана Одилжон Абрахманов көрсөтүлгөн. Баары улуттук курамга чакырылганы менен, ойноо мүмкүнчүлүгүн Одилжон менен Аманбек гана алган. Жыйынтыгында "Алайдын" курамында чемпиондукту багындыруу менен улуттук курамда башкы курамдан орун алган Одилжон Абдрахманов сыйлык ээси болду.
Футзал боюнча Колумбияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда кызмат алган калыс Нурдин Букуевге "Жылдын сыймыгы" наамы тапшырылды.
Ал эми "Мыкты машыктыруучу" наамы боюнча Айбек Татанов ("Алайдын" машыктыруучусу), Руслан Сыдыков ("Дордой") жана Марат Израилов (17 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн өспүрүмдөр курамасы жана РСДЮШОР ФБ) талапкер болгон. Жыйынтыгында сыйлык Марат Израиловдун колуна тапшырылды. Футбол боюнча өлкө чемпиону аталган "Алайдын" машыктыруучусу Айбек Татанов жана Көз карандысыздык Кубогун уткан Руслан Сыдыков сыйлыксыз калышты.
"Мыкты футболчу" наамы боюнча 5 талапкер бар болчу: Валерий Кашуба ("Дордой"), Валерий Кичин ("Енисей"), Ислам Шамшиев ("Дордой"), Мирлан Мурзаев ("Ушакспор") жана Эдгар Бернхардт ("Рёдингхаузен"). Көпчүлүк сыйлык аз убакытта улуттук курамдын жана "Дордойдун" лидерине айланган Ислам Шамшиевге тапшырылат деп ойлоп жаткан, бирок сыйлык Валерий Кичинге берилди. Сыйлык ээси келе албагандыктан, анын ордуна анын агасы Роман сөз сүйлөдү.