Бүгүн, 27-ноябрда КРнын Футбол федерациясынын кезектеги конференциясы орун алды. Анда федерация президенти жана Аткаруу комитетинин курамы шайланды. Жыйынтыгында Семетей Султанов Футбол федерациясынын президенти кызматына кайрадан шайланды.
Шайлоодо Султанов жалгыз талапкер болчу. Анын талапкерлигин конференцияга катышкан 50 делегат жактырды.
Кошумчалай кетсек, С.Султанов 2012-жылы 7-декабрда алгачкы мөөнөткө шайланган эле.