Шаршенбек Абдыкеримов кайрадан Улуттук Олимпиада комитетинин президенти болуп шайланды. УОКтун башкы ассамблеясы 25-ноябрда орун алган.
Комитеттен кабарлашкандай, ассамблеяга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов, Эл аралык Олимпиада комитетинен көз салуу үчүн келген Мухаммадшо Абдуллоев (Тажикстан) жана башкалар катышты.
Анда ачык добуш берилип, жыйынтыгында 1 добуштан Шаршенбек Абдыкеримов экинчи мөөнөткө шайланды. Кийинки шайлоо "Токио-2020" Олимпиадасынан соң орун алат.
Улуттук Олимпиада комитетинин мүчөлөрүнүн саны 45ти түзөт. Алар олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча федерациялардын президенттери, спорт уюмдарынын башчылары жана чыгаан спортчулар.