Футбол боюнча 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугун утурлай Орусия 2017-жылдагы ири мелдештердин бири - Конфедерация Кубогун уюштурат. Мелдеш 17-июндан 2-июлга чейинки аралыкта Казань, Сочи, Санкт-Петербург жана Москва шаарларында орун алат.
Конфедерация Кубогуна ар бир континенттин чемпиондору, Дүйнө чемпиону жана мелдешти өткөрүп жаткан мамлекеттин курамасы катышат. Мелдешке катыша турган 8 команда 2 тайпага бөлүштүрүлдү.
"А" тайпасынан Орусия (үй ээси), Жаңы Зеландия (Океаниянын чемпиону), Португалия (Европанын чемпиону) жана Мексика (Түндүк Американын чемпиону) курамалары орун алды.
Ал эми "В" тайпасына Австралия (Азия чемпиону), Чили (Түштүк Американын чемпиону), Германия (Дүйнө чемпиону) курамалары жайгашты. Бул тайпадагы төртүнчү команда Африка континентинин чемпиондугун уткан команда болмокчу. Африканын биринчилиги 5-февралда старт алат.