Украиналык мушкер Василий Ломаченко 58,96 килограмм салмакта Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмунун (WBO) версиясы боюнча чемпиондук наамын коргоп калды. Ал 27-ноябрда ямайкалык Николас Уолтерс менен беттешип, техникалык нокаут менен жеңишке жетишти.
Ломаченко профессионалдык карьерасында алгачкы жолу чемпиондук наамын коргой алды. Анын эсебинде 7 жеңиш жана 1 жеңилүү бар.
Кошумчалай кетсек, ал филиппиндик Мэнни Пакьяонун кезектеги атаандашы болуп калышы мүмкүн. Азырынча эки тарап салмак категориясы боюнча бир пикирге келе элек. Пакьяо ушул эле уюмдун 66,68 килограмм салмактагы чемпиондук наамынын ээси.