"Чехия жана Словакия таланттарды издейт" Эл аралык сынагынын финалында "Тумар" бийчилер тобу 3-орунду алды

Словакиянын борбор калаасы Братиславада 27-28-ноябрь күндөрү өткөн "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" Эл аралык сынагынын финалында Кыргыз өлкөсүнөн барган "Тумар" бийчилер тобу 3-орунга ээ болду. Бул тууралуу аталган топтун мүчөсү жана жетекчиси Эрмек Кадыров бүгүн, 28-ноябрда билдирди.

"10 финалчынын ичинен "Тумар" 3-орунга ээ болду. Алдынкы 2 орун словакиялыктарга ыйгарылды. Кыргыз бийчилери "Кыял" ("Мечта") номери менен чыгышты. Белгилүү болгондой, топтун мүчөлөрүнүн баарынын бир кыялы бар - мүмкүнчүлүктөрү чектелсе да, жашоонун сыртында калбоо, коомчулуктун бир бөлүгү болуп, анда болгон окуяларга катышуу", - деп айтылат маалыматта.

"Биз залдын чоң колдоосун сезип жаттык. Калыстар кол чаап, көздөрүнө жаш алышканы бизге жоопкерчилик менен ишенич тартуулады. Финалга катышкандардын баары эле күчтүү болчу. Атай Өмүрзаковдун "Адем" тобу менен британиялык команда да эң көп добуш алышканын белгилей кетем. Бизге словакиялык көрүүчүлөр менен калыстар 3-орунду чын жүрөктөрүнөн беришти", - деген Эрмек Кадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Apyy.
2016-11-28 09:35:35
Азаматсынар! Таланттынар оркундой берсин.
+4
Darin
2016-11-28 09:36:25
Учунчу орун жаман эмес. Ийгилик ...
+2
Adhambek
2016-11-28 11:36:44
Селерге не болду суперчилер пониделниктен эле бир бирине минус баса баштадынар. Алга Турам Азаматсынар!
+1
Nur1k
2016-11-28 14:14:27
Adhambek, ката жазсан минус эмес плюс басыш керекпи анан? Жазганынды озун окуп корчу жакшылап?
+1
nurbek_kgz
2016-11-28 13:26:38
Азаматсынар
+1
Shirin_N88
2016-11-28 21:57:12
Азаматсынар колу бутум бар мен мындай ишти кылалбайм кудайым силерге ден соолук берсин .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан