27-ноябрда саат 17:00 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 160-чакырымында Лексус LX-470 унаасы менен Мерседес Гигант жүк ташуучу унаасы кагылышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 28-ноябрда билдирди.
"Натыйжада Лексус унаасынын 1976-жылы туулган Э.И. аттуу айдоочусунун буту сынып, кыпчылып калган. Куткаруучулар аны чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Мерседес унаасынын айдоочусу жабыр тарткан эмес, унаада башка жүргүнчүлөр болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.