Ош шаардык экологиялык-техникалык инспекциянын мурдагы жетекчиси Галмамат Анапияев "жасалма диплом алган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Маалыматка караганда, 5-ноябрь күнү Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жетекчилиги Ош ШИИБине кат жолдогон. Анда аталган окуу жайдын Оштогу филиалынын өкүлдөрү документтерди жасалмалап жатканы, окубаган студенттерге "окугандыгы анык" деген жалган тактамаларды берип жатканы айтылган.
"Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, натыйжада Ош шаардык экологиялык-техникалык инспекциянын мурдагы жетекчиси Галмамат Анапияевдин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин финансы жана кредит адистигинде окубагандыгы, ал дипломду Ош шаардык филиалынын жалган тактамаларынын негизинде алгандыгы аныкталган. Мындан улам ал 26-ноябрь күнү кармалган", - дейт Замир Сыдыков.
Учурда мыйзамсыз дипломдун ээси Галмамат Анапияевдин жана аталган университеттин Ош шаарындагы филиалынын окуу иштери боюнча орун басары М.Снын үстүнөн 166-берене (алдамчылык), 315-берене (кызматтык жасалмачылык) жана 350-берене (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Галмамат Анапияев буга чейин, тактап айтканда, 2015-жылы 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал суу түтүктөрүн салуу боюнча аткарылган жумушту текшербөө үчүн 1000 доллар талап кылганы аныкталган. Ош шаардык соту ага 1000 доллар пара талап кылганы үчүн 4 миллион 200 миң сом айып пул салган болчу.
Айта кетсек, Галмамат Анапияев кылмыш дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлү катары айтылып келген маркум Алманбет Анапияевдин агасы.