19 жаштагы тургун "телефон, компьютер жана 20 миң сом уурдады" деп шектелүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында милиция бөлүмүнө арыз менен У.Ибарат аттуу жаран кайрылган. Арызында 23-26-ноябрь күндөрү анын үйүнө терезесинен кирген белгисиз адамдар акчасын, уюлдук телефондорду жана компьютерди уурдап кетишкенин жазган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-ноябрда кабарлады.

"Үйдөн 4500 сомдук Samsung Duos, 8500 сомдук Lenovo 770 d, 2500 сомдук НТС уюлдук телефондор, Microsoft 535 компьютери жана 20 миң сом уурдалган. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын №3-милициясынын шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Арча-Бешик конушунун 1997-жылкы тургуну О.К. кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан