ЖЫЛНААМА, 28-НОЯБРЬ: 77 жыл мурун баскетбол оюнун ойлоп тапкан канадалык-америкалык окутуучу жана машыктыруучу Жеймс Нейсмит каза болгон

Мындан 77 жыл мурун баскетбол оюнун ойлоп тапкан канадалык-америкалык окутуучу жана машыктыруучу Жеймс Нейсмит 78 жашында каза болгон.

Жеймс Нейсмит 1861-жылы 6-ноябрда туулган. АКШдагы окуу жайлардын биринде дене тарбиядан сабак берген. Ал 1891-жылы кышында студенттерди сыртка чыгарбастан спорттук залдын ичинде топтун жардамы менен ойнотуу үчүн баскетбол оюнун ойлоп тапкан. Машыктыруучунун медициналык жогорку билими болгон.

Расмий катталган алгачкы баскетбол оюну 1891-жылы декабрь айында өткөн. Анда Ж.Нейсмит эки командага 9 кишиден бөлүп, баскетболду футболдун тобу менен ойноткон. Ал эми 1892-жылы баскетбол оюнунун эрежелери тууралуу биринчи китеп жарык көргөн.

28-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан