Балбандар Каныбек Жолчубеков жана Руслан Царев Бакуда (Азербайжан) өткөн Гран-при мелдешинде коло медалдарды тагынышты. "Golden Grand Prix Final-2016" мелдеши 24-ноябрда старт алып, мелдешке Кыргыз мамлекетинен 7 балбан катышкан.
Грек-рим күрөшү боюнча кармаштарда Каныбек Жолчубеков 59 килограмм салмакта күчүн сынап, коло медаль тагынды. Ал эми Руслан Царев 75 килограмм салмакта 3-орунду ээледи.