Бишкекте "Үч лимон" кинокомедиясынын бет ачары өттү (фото)

Бүгүн, 28-ноябрда Бишкекте "Үч лимон" кинокомедиясынын бет ачары өттү. Салтанатка маданият кызматкерлери, кино сүйүүчүлөр жана тасмада роль жараткан Рауан Мураталиев, Фархад Абдраимов катышышты.

Тасманын режиссёру Нурлан Мамакеев кинокомедияны тартуу идеясы 3 жыл мурун жаралганын айтат.

"Биз буга чейин 12 жолу кино тарттык. Тажрыйбабыз жетиштүү. Бул тасманы тартууга 3 айга жакын убактыбыз кетти. Идея мындан 3 жыл мурда жаралган, бирок ал убакта кинону тартууга мүмкүнчүлүгүбүз болгон эмес. Убакыты келип, ушул жылдын август айында кинону тартып баштаганбыз. Казакстанда тасма тартуунун максаты - жаңы баскычка көтөрүлүп, жаңы деңгээлге чыгуу", - деди Мамакеев.

Киного Казакстандын жана Кыргыз өлкөсүнүн тажрыйбалуу актёрлору тартылышкан. Тасмада казакстандык актёр Дастен Шакиров таксисттин образын жаратканы менен, ачылышына келе алган эмес.

Ал эми тасманын оператору Нурбек Мамбетисаев буларга токтолду: "Кинону тартууда кыйынчылык жаралган жок. Болгону актёрлордун убактысы болбой, бири келсе, экинчиси кеч кармалып убакыттан уттурдук. Ал эми мен Нурлан Мамакеев менен бир топ жылдардан бери чыгармачылык жаатта иштешип келем. Ал мага ишенет, анткени мен буга чейин 20дан ашуун кино тарттым. Мындан улам тасманы тартуу мүмкүнчүлүгүн берди".

Тасманын бет ачарына конок катары киноактёр Адилет Акматов, эстрада ырчысы Абидин Темиров жана "тамашоучу" жигиттер чакырылышкан.

Тасмада балдар үйүндө чоңоюп, такси кызматында иштеген жөнөкөй жигиттин жашоосу чагылдырылат. Ал адаттагыдай шаарда эл ташып жүргөндө, капыстан унаасынын үстүнө баштык түшөт. Баштыктан 3 миллион теңге табат. Ошол маалдан тарта анын жашоосу өзгөрүлөт. Жөн жерден миллионер болуп калган каарман кандай жолду тандаганын тасмадан көрө аласыз.

Нурлан Мамакеевдин Казакстанда тартылган "Үч лимону"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baiko
2016-11-29 00:55:13
Кандай кино болдекен а???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан