Бишкекте Аалы Токомбаев көчөсүндө имарат өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 29-ноябрда билдирди.
"Өрт тууралуу билдирүү "101" кызматына саат 08:40та түшкөн. Алдын ала айтылган маалымат боюнча, Аалы Токомбаев көчөсүндөгү жеке менчик мектеп өрттөнүүдө. Учурда өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү унаа тартылды", - деп айтылат маалыматта.