Бишкектеги жеке менчик мектептен чыккан өрт чектөөгө алына элек (фото)

Бишкек шаарында бүгүн, 29-ноябрда эртең менен саат 08:40та чыккан өрт чектөөгө алына элек. Өрттүн очогу көп кабаттуу имаратта жайгашкан "Рэфал" жеке менчик мектебинде тутанган. Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери белгисиз экенин айтышты Өрт өчүрүү кызматынан.

Имараттын 4-кабатына чейин жеке менчик мектепке тиешелүү болгон, ал эми андан жогорку кабаттарда кеңселер жайгашкан. Тутанган өрт мектепке жанаша жайгашкан чиркөөнүн чатырына дагы өтүп, чатырдын 750 чарчы метри күйүп, түшүп кетти. Учурда 8 өрт өчүрүүчү бөлүм, 2 суу ташуучу унаа иштеп жатат. Кырсык чыккан жер милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, "Тез жардам" кызматы иштөөдө.

Атын атагысы келбеген 8-кабатта жайгашкан кеңсенин ээси: "Эртең менен жумушка келе жатсам эле "өрт чыкты" деп калышты. Өрт чыгып жаткан жерде кеңсебиз жайгашкан. Ичинде адам жок, бирок ал жакта калган мүлктөргө тынчсызданып жатам", - деди.

"Өрттү өчүрүү иштери уланууда. Чектөөгө алуу кыйын болуп жатат, себеби өрт каптаган чиркөөнүн чатыры жана дубалдары бат күйүүчү каражаттар менен курулган экен. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрттүн кесепетинен жабыркаган адамдар жок. Ал эми жеке менчик мектептин окуучулары жана мугалимдери өз учурунда имаратты таштап чыгып кетүүгө жетишишкен", - деп билдирди ӨКМнын басма сөз катчысы Элмира Шерипова.

Бишкекте чиркөө толугу менен күйүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан