ЖЫЛНААМА, 29-НОЯБРЬ: 29 жыл мурун Андаман деңизинин үстүндө учак жарылып, 115 киши каза болгон

1987-жылы 29-ноябрда Boeing 707 учагы жарылып, 115 киши курман болгон. Түштүк Кореянын "Korean Air" авиакомпаниясына тиешелүү учак Ирактын Багдад шаарынан учуп чыгып, Түштүк Кореянын Сеул шаарына бара жаткан. Ал Инд океанындагы Андаман деңизинин үстүндө учуп бара жатканда жарылып, кулап түшкөн.

Окуядан кийин Түндүк жана Түштүк Корея мамлекеттеринин ортосундагы мамиле начарлап кеткен. Себеби жардыруу Түндүк Кореянын көрсөтмөсү менен корей тыңчы аял жана эркек учакка бомба койгондугунан келип чыккандыгы аныкталган. Террордук актынын максаты - Сеулда өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарын үзгүлтүккө учуратуу болгон.

29-ноябрга карата жылнаам.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан