Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жарык көрө элек “Чоор жана жер” чыгармасы табылды

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Чоор жана жер” (“Флейта и земля”) деп аталган, мурда жарык көрө элек чыгармасы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Илимдер академиясынан билдиришти.

"Бул чыгарма жөнүндө окурмандар бир нече жыл мурда кабардар болушкан. Чыгарманын мааниси жана мазмуну жөнүндө кол жазманы алгач академик Абдылдажан Акматалиев окуп чыгып, өз ой-пикирин билдирген. Жакында А.Акматалиев “Чоор жана жер” чыгармасынын үзүндүлөрү Болгариянын “Пламък” (1973-жылы), “Литературный фронт” (1974-жылы) аттуу журналдарында жана болгар тилинде басылган чыгармалар жыйнагынын 2-томунда 1974­-1976-жылдары жарык көргөндүгүн таап чыкты", - деп айтылат маалыматта.

“Жазуучу өзүнүн макалаларында, маектеринде же сүйлөгөн сөздөрүндө бул чыгармасы жөнүндө бир да жолу эскерген эмес. Чыгарма орус тилинен болгар тилине которулган. Болгар окурмандары 40 жылдан бери Ч.Айтматовдун бул чыгармасына күбө болуп келишет, а бизде али күнгө чейин колубузга жете элек. Анын үстүнө бул факт “Чоор жана жер” чыгармасын Айтматов жазган эмес деген кээ бир ишенбөөчүлөрдүн ойлорун жокко чыгарды. Чыгарма Чоң Чүй каналынын курулушуна байланыштуу окуяларды камтыйт. Мен бул чыгарманын болгар тилинде жарык көргөнү үч жылдай издеп, акыры Болгариядан таап, алдырттым”, - деп айткан Акматалиев.

А.Акматалиев мындан сырткары аталган чыгарманын башкы каарманы Бейше Асакеевдин Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Сталинградда баатырларча курман болгондугун да тактап чыкканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Tansuluu09
2016-11-29 14:29:29
Бул китебин коп жыл мурда уккан элем
Бирок"сурнай Жана жер "деп.
+2
marat2771
2016-11-29 18:43:02
Неге китеп" Флейта и земя" деп турат?
-1
odin-takoy
2016-11-29 20:18:25
marat2771,болгар тилинде экен
0
nur_zhoni
2016-11-29 22:08:07
Чынгыз Айтматов тирүү болгондо "Нобель" сыйлыгын алмак
0
Mirzohidjon
2016-11-30 08:53:24
Айтматов озунун талантына мээнет кыла алган инсан, Ар бирибиз озубузго берилген таланттыбызга мээнет кылсак (ырчылык, ишкерлик, чыгармачылык) Кыргызстаныбыз онугот
0
kyrgyz-patriotu
2016-11-30 08:59:35
Чынгыз атабызга таазим. Жаратканым, жаткан жерин жаннаттан кылган болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан