Бишкекте бүгүн эртең менен чыккан өрттүн кесепетинен "Южный ковчег" чиркөөсү толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алгач өрт Аалы Токомбаев көчөсүндөгү №31/1-дарегинде жайгашкан жеке менчик мектепте чыкканы айтылган. Кийин өрт мектепке жанаша жайгашкан "Южный ковчег" чиркөөсүндө чыкканы белгилүү болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө 9 өрт өчүрүүчү унаа, 75 кызматкер тартылган. Өрт жалпысынан 1000 чарчы метрди чапчыган. Мектеп имараты зыянга учурап, чиркөө толугу менен күйүп кеткен. 8 кабаттуу имараттын 4 кабатында "Рэфал" жеке менчик мектеби орун алган. Ал эми үстүнкү кабаттарда кеңселер жайгашкан.
Айта кетсек, өрт чыккан учурда мектепте жалпы 227 окуучу болгон. Алар өз учурунда имаратты таштап кетүүгө үлгүрүшкөн. Ал эми чиркөөнүн ичинде кароолчу менен администратор болгон. Тилсиз жоодон жабыркап, каза болгондор жок.