Ош шаарында киноактёр Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арнап волейбол боюнча мелдеш өткөргөнү жатабыз. Бул кадамыбыз аркылуу маркумга таазим этүү менен анын басып өткөн жолун, жасаган эмгектерин кийинки урпактарга жеткирүүнү кааладык", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, мелдеш 30-ноябрда башталып, 4-декабрда жыйынтыкталмакчы. Иш-чараны Ош шаардык мэриясы жана облустук Волейбол федерациясы уюштурат. Мелдешке өлкөдөгү 20га жакын клубдардын командалары катышат.