ЖЫЛНААМА, 29-НОЯБРЬ: Орусиянын Эл артисти, актёр Евгений Миронов 50 жашка толду

Советтик жана орусиялык актёр, Орусиянын Эл артисти, “Мусулман”, “Пираньеге аңчылык” тасмаларында башкы ролдорду жараткан Евгений Миронов 50 жашка толду.

Ал 1966-жылы Орусиянын Саратов облусунда туулган. Актёрлук карьерасын 1988-жылы Александр Кайдановскийдин "Керосинчинин жубайы" тасмасында роль жаратуу менен баштаган. Ал эми Валерий Тодоровскийдин "Сүйүү" тасмасында башкы каармандын ролун мыкты аткарып, популярдуулукка жеткен. Бул ролу үчүн көптөгөн сыйлыктарга арзып, "1992-жылдын мыкты актёру" аталган.

Актёр "Лимита", "Мусулман", "44-жылдын августунда", "Космос алдын ала сезүү катары", "Күндөн чарчагандар-2" жана башка тасмаларындагы ролдору үчүн 5 жолу "Ника" сыйлыгына татыктуу болгон. Евгений Миронов учурда бойдок, балдары жок.

29-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан