Караколдогу "Макиш" базарында чыккан өрттөн мөмө-жемиш жана чарба буюмдарын саткан 40 соода оруну күйүп кетти

Караколдогу "Макиш" базарында чыккан өрттөн мөмө-жемиш жана чарба буюмдарын саткан 40 соода оруну күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Нурбек Абдраимов билдирди.

"Өрт тууралуу маалымат бүгүн эртең менен саат 06:09да келип түшкөн. Өрт болгон жерге жалпысынан 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, саат 09:53тө толугу менен өчүрүлгөн. Анын кесепетинен "Макиш" базарынын 610 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - дейт Нурбек Абдраимов.

Буга чейин окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу Каракол шаарында жайгашкан "Макиш" базары өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат жөнөткөн. Анда: "Жашылча саткан бөлүмдөгү контейнерде жылыткыч өчүрүлбөгөндүктөн өрт чыкты. Мындан улам базар өрттөнүп, аны өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Жабыркагандар жок", - деп айтылган.

Караколдо базар өрттөндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ekaterinburg
2016-11-29 15:56:41
Бугун только орт го,тообо кылдым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан