Жалал-Абад шаарында жүргүнчү кыздын өлүмүнө шектелип таксист кармалды

2016-жылдын 27-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Таран-Базар айылы аркылуу өткөн Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун четинде белгисиз аялдын жансыз денеси табылганы айтылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 26 жаштагы А.Д. экенин аныкташкан.

"Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган И.А. кармалган. Ал Жалал-Абад шаарында таксист болуп иштечү. Анын айтымында, 27-ноябрга караган түнү унаасына бир кыз отуруп, Спутник шаарчасына жеткирип коюуну суранган. Кийин экөө спирт ичимдигин ичишип, жыныстык катнашка барышкан. Мындан улам кыз чыр чыгарып, ага жини келген таксист катуу сабап, өлтүрүп алган. Андан соң кылмышын жашыруу үчүн талаага таштап кетип калган", - деп айтылат Жалал-Абад ОИИБинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ROZA-87
2016-11-29 17:59:48
Кудай сакта. Аял киши туну жалгыз чыкпай койсо эмне болот эле.
+6
Ashka.
2016-11-29 18:03:44
Тооба
+1
kaya89
2016-11-29 18:46:55
мен жашаган айылдын четинен улакчылар таап алышкан экен кызды жыланачтап жолдун четине таштап кетиптир
+5
Aksana1602
2016-11-29 22:28:40
kaya89, кантип олтуруптур
+1
meni_kut
2016-11-29 20:17:39
Зордуктаса каршылык коргозгондур...Кан узатпайт.Ал кыз тункусун кантип коркпой жолго чыкты экен.Эркектер карындаш эженерди сактагылачы..Милдетинер силердин.
+5
chinara88
2016-11-30 10:42:31
азыр эркектерде ынсап,ыйман деген нерсе калбады.зоордуктап жатканда карындаш эжелерин ойлоп койботур да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан