Бишкектин Токомбаев көчөсүндө чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди.
"Өрт саат 17:16да толук өчүрүлүп бүттү. Тилсиз жоо жалпы 1800 чарчы метр аянтты чапчыган. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - дейт Элмира Шерипова.
Айта кетсек, бүгүн эртең менен Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан чиркөөдө өрт чыккан. Натыйжада чиркөө толугу менен күйүп кеткен. Ошондой эле жалындаган өрт чиркөөгө жанаша жайгашкан мектеп имаратына да жайылган.