Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк кулатуу федерациясы тарабынан уюштурулган эрежесиз мушташ боюнча мелдеш орун алды. Анда жалпысынан 16 беттеш орун алып, анын басымдуу бөлүгү мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталды.
Аталган федерациядан кабарлашкандай, беттештер 6 салмак ченинде өткөрүлдү.
57 килограмм салмакта
Алмазбек Адисбек уулу - Актан Абдукапар уулу. А.Абдукапар уулу техникалык нокаут менен утту.
Медер Субанов - Бексултан Кайыпназар уулу. Дарыгерлер беттешти токтотуп, Б Кайыпназар уулу жеңди.
61 килограмм салмакта
Уланбек Канурбаев - Нурлан Курманалиев. Н.Курманалиев 3-раундда муунтуу ыкмасы менен жеңди.
Бексултан Каныбек уулу - Алманбет Абдывасы уулу. Дарыгерлердин кийлигишүүсү менен беттеш токтотулуп, А.Абдывасы уулу утту.
Абай Камалов - Ариет Бекишов. А.Бекишов нокаут менен жеңишке ээ болду.
Бахтияр Карабалаев - Калык Бакыт уулу. К.Бакыт уулу нокаут менен утту.
66 килограмм салмакта
Музафар Касымов - Аскат Төрөгелди уулу. А.Төрөгелди уулу муунтуу ыкмасы менен жеңди.
Өмүрбек Бакыт уулу - Рыскелди Садык уулу. Ө.Бакыт уулу техникалык нокаут менен утту.
Куштарбек Амирбек уулу - Даниярбек Авазбек уулу. К.Амирбек уулу техникалык нокаут менен утту.
71 килограмм салмакта
Бектур Мангиев - Нурбек Абдумалик уулу. Н.Абдумалик уулу калыстардын чечими менен утуп чыкты.
72 килограмм салмакта
Эрнис Оморбеков - Нурбек Апсаматов. Оморбеков муунтуу ыкмасы менен утту.
Казим Жахангиров - Илимбек Токтогулов. И.Токтогулов муунтуу ыкмасы менен жеңишке жетишти.
Ринат Саякбаев - Нурахмед Абдуганиев. Р.Саякбаев техникалык нокаут менен утту.
80 килограмм салмакта
Ринат Кучкачев - Акжол Таабалды уулу. А.Таабалды уулу муунтуу ыкмасы менен утту.
Рамазан Гимбатов - Алманбет Нуралы уулу. А.Нуралы уулу техникалык нокаут менен утту.
Нурсултан Ирисбай уулу - Дыйкан Кадыралы уулу. Д.Кадыралы уулу беттештен баш тартты.