Түркиянын Адана провинциясындагы мектеп жатаканасында өрт чыгып, 11 окуучунун өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, өрт кечээ, 29-ноябрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:25те башталган. Тилсиз жоонун кесепетинен 11 окуучу жана 1 тарбиячы каза болгон. Окуучу кыздар 11-14 жаштарда болушкан. Алар жалындан сыртка чыга албай, жатакананын үстүнкү кабатында калышкан. Айрымдары терезеден секиришкен.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын келип чыгуусуна электр зымдарындагы чукул туташуулар себеп болгон.