Өлкөдө күн сайын 10-15 өрт кырсыгы катталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин Өрттүн алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Ташманбетов билдирди.
"Өлкөдө жарандар өрттүн чыгып кетүүсүнө кайдыгер мамиле жасап жатышат. Шалаакы мамиледен улам келип чыккан тилсиз жоо быйылкы жылдын 10 айында миллиондогон чыгымдарды алып келди. Кырсыктын алдын алууда биздин кызматкерлер жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Атайын тегерек стол, конференция, семинарлар уюштурулууда. Мектептерде да атайын иш-чаралар өткөрүлүп келет, бирок ага карабай кырсыктар катталууда", - деп билдирди Ташманбетов.
Маалыматка ылайык, катталган тилсиз жоонун басымдуу бөлүгү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда болууда.