Бүгүн, 30-ноябрда ырчы Эльзар Өскөнбаева 29 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышка чыкканыбызда SUPER.KG порталына ыраазычылыгын айтып, өздүк майрамын "Маржан" тобу менен бирге белгилейин деп жатканын билдирди.
"Бүгүн кечинде Бишкектеги окуу жайлардын биринде устатым Роза Аманова жана "Маржан" тобу менен бирге концерт коёлу деп жатабыз. Учурда ага даярдык көрүп жумуштамын. Ал эми туулган күнүмдү концерттен соң кыздар менен отуруп белгилейбиз", - деди ал.
Эльзар Өскөнбаева 1987-жылы 30-ноябрда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Таш-Башат айылында төрөлгөн. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр окуу жайынын салттык музыка жана фольклор бөлүмүндө окуп, Замирбек Үсөнбаев жана Роза Амановадан сабак алган. Ырчы "Аккан суу" дастанын айтып, "Эгиз жүрөк", "Агатайым", "Мага жар керек" деген ырларды ырдап эл оозуна алынган. Учурда "Эл ырчысы Эстебес" жана "Маржан" топторунда ырдайт.
30-ноябрга карата жылнаама.