Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облустук прокуратурасы Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн, аталган райондун Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын, Кара-Суу райондук каттоо кызматынын кызмат адамдарына "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "жер мыйзамын бузуу" боюнча кылмыш ишин козгогон. Алар 2010-2014-жылдар аралыгында айыл чарбага ылайыкталган 3,3 гектар жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берип коюшкан. Учурда жогорудагы кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
talant87
2016-11-30 13:53:35
андайлар толтурада басып салып алган деп койот анан
+4
mirkaa5182
2016-11-30 14:59:26
Бишкекте канчалаган жерлерди басып алып эле жашап атышат го...
+3
Domenator
2016-11-30 16:43:48
Кара-Суу Рай.архитектура коррупцияга белчесинен малынган,аталган мекеменин кызматкерлери акча жасоонун устасы болуп калышкан!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан