Бразилиялык футболдук клубдар өлкөнүн Футбол федерациясына кайрылып, "Шапекоэнсе" клубунун келечеги тууралуу сунуштарын айтышты. Белгилүү болгондой, Колумбияга бет алган футболчуларды алып бараткан учак кырсыкка учурап, борттогу 81 адам жабыркаган. Анын 72си жүргүнчүлөр, 9у анда кызмат кылган адамдар болчу. Учак кыйраган окуяда 6 гана адам аман калган, анын үчөө футболчулар.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, жергиликтүү клубдар "Шапекоэнсе" клубуна оюнчуларды берүүгө даяр. Ошондой эле команданын лигадан "ыргып" кетүүсүнө жол бербөө аракетин көрүүнү сунушташат клубдар.
Демилге көтөргөн клубдардын катарында "Сан-Паулу", "Коринтианс", "Сантос", "Палмейрас" жана "Португеза" бар.
Учурда Колумбияга барбай турганы чечилип, Бразилияда калган 3 футболчу кийим которуучу жайда сүрөткө түштү. Төмөнкү сүрөттү карап, футболчулардын орду толгус жоготууга ичи ачышып жатканын айттырбай түшүнүү мүмкүн.