ЖЫЛНААМА, 30-НОЯБРЬ: Белгилүү америкалык актёр жана кинорежиссёр Бен Стиллер 51 жашка толду

Америкалык актёр жана кинорежиссёр Бен Стиллер (толук аты-жөнү - Бенджамин Эдвард Стиллер) 51 жашка толду. Ал 1965-жылы 30-ноябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында төрөлгөн.

1983-жылы Калифорния штатындагы университеттин кинематография факультетине тапшырган. 9 айдан кийин окуусун таштап, Нью-Йоркко кайтып, актёрлук курска жазылган. 1985-жылы Стиллер Жон Гуаренин "Көк жалбырактар үйү" аттуу пьесасындагы ролу менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурган. Ошол эле убакта ал кыска метраждуу тасмаларды тартып жүргөн. Анын Скорсездин "Акчанын түсү" деген тасмасына болгон 10 мүнөттүк пародиясын NBC каналы "Ишембилик кечеге" түз эфирге алып чыккан. Ал пародиясында Бен актёр Том Круздун ролун аткарган. Ошондон улам аны тасмаларга тартылууга чакыра башташкан.

Режиссёр Стивен Спилбергдин "Күн империясы" фильминдеги ролу Б.Стиллердин чоң экрандагы дебюту болгон. Аталган тасма бир нече сыйлыктарга татыктуу болуп, актёрлору атактуулукка жеткен. Мындан тышкары Б.Стиллер айтылуу "Мадагаскар", "Үлгүлүү эркек", "Музейдеги түн", "Дюплекс", "Стелла" жана башка 56 тасмада роль жараткан. Ошондой эле "Чындык тиштейт", "Кабелчи", "Үлгүлүү эркек", "Дюплекс", "Уолтер Миттин укмуш жашоосу", "Субмарина", "30 мүнөттүн ичинде жетишип калуу", "Руиндер" жана башка тасмаларда режиссёрдук, продюсердик кылып, айрымдарында башкы ролдорду аткарган.

Актёр 2000-жылдын жазында актриса Кристин Тейлорго үйлөнгөн. Ортолорунда 11 жаштагы уулу жана 14 жаштагы кызы бар. Бир нече жыл бою Б.Стиллер кайрымдуулук иши менен алектенип, Демократтар партиясынын мүчөсү болуп келет.

30-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан