МЕДИА-ПОРТАЛ: "Дил билет" ырынын клиби үчүн башыма 17 метр кездеме ороп кийгем" дейт ырчы Эльзар Өскөнбаева

"Сүйүүнүн кадырын жетпеген жан билет,
Достуктун кадырын четтеген жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?" деп ата-эненин кадыры кымбат экени айтылган "Дил билет" ырын билбеген адам чанда кездешет. Чыгарманын аткаруучусу Эльзар Өскөнбаева аталган ырга клип тартууда нукура кыргызча клип болуусу үчүн болгон аракетин жумшаганын айтат.

"Репертуарымда ата-эне тууралуу ырдаган ыр жок экен. Андыктан ойлонуп көрүп, атайын ата-энелер үчүн "Арноо концертине" ылайыктап ырдап чыктым. Ашыкча сюжетсиз, жөнөкөй клип тартуу идеясын өзүм сунуштагам. Борбор калаадагы кафелердин биринде тартылган. Атайын нукура кыргызча клип кылайын деп башыма элечек кийгем. Башыма 17 метр кездеме ороп кийип, клипке тартылгам. Образымдын үстүнөн эч ким иштеген эмес, баарын өзүм ойлонуштуруп, өзүм бүтүргөм", - деп билдирди Э.Өскөнбаева.

Эльзар Өскөнбаеванын "Дил билет" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан