Учурда орусиялык белгилүү ырчы Филипп Киркоровдун "Жестокая любовь" аталышындагы ырдын айланасындагы чыр күчөдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, ноябрь айынын башында франциялык "Space" тобунун лидери Дидье Маруани Киркоровду плагиат боюнча айыптап, автордук укукту бузгандыгына байланыштуу 75 миллион рубль талап кылып Москва шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган. Анын айтымында, "Жестокая любовь" ыры "Space" тобунун "Symphonic Space Dream" чыгармасынын кайра иштелип чыккандагысы. Бирок Москва шаардык соту Маруаниге анын доо арызын кайтарып берген. Мындан кийин ал америкалык сотторго кайрыларын айткан.
Ал эми Москва полициясы Киркоровдун "Дидье Маруани опузалап акча талап кылууда" деген арызынын негизинде француз ырчысын камакка алган эле. Бирок бүгүн полиция ырчыдан кечирим сурап коё берилгени айтылууда.
28-ноябрда Дидьенин юристи Игорь Трунов эки тарап өз ара элдешип алганын, Киркоров күнөөсүн моюнуна алып, компенсация төлөп берүүгө макул экенин билдирген. Бирок андан аз өтпөй Киркоровдун адвокаты эч кандай келишим болбогонун, француз ырчысы менен Киркоровдун атынан Лексус жана Вован каймана аттуу пранкерлер сүйлөшкөнүн маалымдаган. Окуянын мындай өнүккөнүнө караганда, бул ырдын чыры дагы узакка созулат өңдүү.
Белгилей кетсек, Лексус (Алексей Столяров) менен Вован (Владимир Кузнецов) аттуу пранкерлер Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Украина президенти Петро Порошенкого телефон чалып, сүйлөшүү жүргүзүшкөн.