Жөө күлүк Усэйн Болт: "Допинг колдонгон спортчуларды спортко жолотпоо керек"

9 жолку Олимпиада чемпиону, ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт допинг колдонгон спортчулар тууралуу пикирин билдирди. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, ал допинг менен кармалган спортчуларды экинчи спортко жакындатпоо керек экенин айтат.

"Допинг чырларынын саны арта баштады. Ошол себептүү допинг колдонуп, өз күчүнө эмес, дарыга ишенген спортчуларды өмүр бою спортко жакындатпоо керек. Мен дайыма ушул пикирди карманып келгем", - дейт спортчу.

Кошумчалай кетсек, Болт допинг чуусуна байланыштуу Олимпиаданын 1 алтынынан куру калышы мүмкүн. Себеби эстафетада аны менен чогуу чуркаган Неста Картердин канынан допинг табылган. 1 спортчунун айынан эстафетада чуркаган 4 спортчу тең медалдан куру калышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан